22:58
USD 87.45
EUR 102.40
RUB 1.12

Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

21-январдан 24-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Алсак,

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу,
  • Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында Көк-Арт ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар