Токмокто 17 жаштагы кыз уурдалып, кыйноого алынган. Бул кылмышка шектүүлөр кармалганын Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок милициясына 2008-жылы туулган жашы жете элек кыздын апасы арыз менен кайрылган. Анда 17-январда болжол менен саат 21:00 чамасында шаардагы «Атаке» дүкөнүнүн жанынан 2008-жылы туулган И.Т. аттуу жашы жете элек кызын Э. жана А. аттуу чала тааныш адамдар уурдап кеткенин айткан. Андан ары Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү унаага кызды күч колдонуу менен отургузуп, эркине каршы ар кайсы жерлерге алып барып, денесине залал келтирип, муунтушканын айткан. Андан соң кызды Чүй айылында жайгашкан «Жаннат» мейманканасынын жанына таштап кетишкен.
Бул факт боюнча материал каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектелип 1993-жылы туулган А.Э. жана 1994-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалды.
Учурда алар убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.


