22:35
USD 87.45
EUR 101.67
RUB 1.12

Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу: Бүгүнкү күндө эмнелерди билүү керек?

Кыргызстан эски үлгүдөгү, туруктуу айдоочулук күбөлүктөрүн акырындык менен алмаштырууда. 24-kg.com агенттиги бул эмне үчүн зарыл, кантип жасоо керек жана күбөлүктөрүн алмаштырбагандарды эмне күтүп турганы жөнүндө кабарлайт.

Эски күбөлүктөрдү алмаштыруунун негизги себептери:

  • Алар санариптештирилген эмес жана бир катар чет өлкөлөрдө таанылбайт;
  • Коргоо элементтери начар жана сүрөттөрү эскирген, бул инсанды аныктоону кыйындатат;
  • Жаңы күбөлүктөр заманбап эл аралык талаптарга жооп берет жана коргоо деңгээли жогору.

Жарандар үчүн жеңилдиктер: Мамлекет алмаштыруу процессин максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүү үчүн төмөнкү чараларды көрдү:

  • 083 формасындагы медициналык маалымкатты (справка) көрсөтүү талабы алынып салды;
  • Күбөлүктү «Түндүк» системасы аркылуу онлайн форматта алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү;
  • Кызмат көрсөтүү тартиби оптималдаштырылып, кошумча чыгымдарсыз жана шашылышсыз бүтүрүүгө шарт түзүлдү.

Кантип алмаштыруу керек?

  • Эгер күбөлүгүңүз «Түндүк» тиркемесинде көрүнбөсө: Тиешелүү филиалдарга өзүңүз барып, документти санариптештирүү жана алмаштыруу үчүн кайрылышыңыз керек.
  • Эгер күбөлүгүңүз «Түндүк» тиркемесинде бар болсо: Филиалдарга барбай эле, онлайн форматта алмаштырууну тариздөө сунушталат.

Жарандарга учурдагы жеңилдетилген шарттардан пайдаланып, күбөлүктөрүн алдын ала алмаштырып алуу сунушталат.

Мөөнөттөр жана кийинки этаптар тууралуу кошумча маалыматтар расмий түрдө жарыяланат.

Эң көп окулган жаңылыктар