15:07
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Коюу тумандан улам «Манас» аба майданында төрт каттам токтотулду

Коюу тумандан улам «Манас» эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинде көрүү аралыгы 400 метрден 800 метрге чейин чектелген. Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, төрт каттам жокко чыгарылды.

Учуу жана конуу кадимкидей эле штаттык тартипте жүрүп жатканы белгиленди. Бирок, басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, эки түрк авиакомпаниясы: Pegasus жана Turkish Airlines каттамдарын жокко чыгарды. Жергиликтүү Tez Jet авиакомпаниясы Манаска эки каттамды эч кандай түшүндүрмөсүз жокко чыгарды.

Эскерте кетсек, аэропортко жаңы 2-категориядагы жарыктандыруу системасы орнотулду.

3-категориядагы жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат, бирок жагымсыз аба ырайында конуу боюнча акыркы чечим ар дайым учактын экипажына таандык.

Эң көп окулган жаңылыктар