11:09
USD 87.45
EUR 101.71
RUB 1.12

«Айтыш-2026»: Байге фонду 2 млн сом, 12 төкмө акын ат салышат

Бишкек шаарында республикалык «Айтыш-2026га» акындар тандалып алынды. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айтыш Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата өткөрүлүп, байге фонду 2 млн сом деп мерчемделген.

Ал эми анын финалдык бөлүгү 17-январь күнү саат 18:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Тандоо турунан төмөндөгү акындар өтүштү:

  • Акматбек Султан уулу 59 упай
  • Аккыз Абасбекова 59 упай
  • Элмирбек Иманалиев 59 упай
  • Турат Жумаев 59 упай
  • Мундузбек Борончуев 58 упай
  • Баян Акматов 58 упай
  • Жылдызбек Төраканов 58 упай
  • Мамел Исраилов 57 упай
  • Бердибек Жолдошбеков 57 упай
  • Элмирбек Бейшеналиев 57 упай
  • Арген Биймырза уулу 57 упай
  • Темирбек Матыбаев 57 упай
Эң көп окулган жаңылыктар