17:29
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

Быйыл Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

2026-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Министр кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин он баллдык шкала менен 11 баллга баалады. 2024-2025-жылдары эки өлкө ортосунда жогорку деңгээлдеги көптөгөн байланыштар, анын ичинде президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары ишке ашты.

Жээнбек Кулубаев «2025-жыл кыргыз-кытай мамилелери үчүн абдан жемиштүү жана ийгиликтүү болду. 2026-жылы жигердүү кызматташтыктын уланышы күтүлүүдө, анткени биз Кытайдын төрагасынын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүп жатабыз. Даярдык иштери башталып калды, жолугушуунун күн тартиби абдан мазмундуу болот», — деди

Эң көп окулган жаңылыктар