VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы айтылды. Оюндарды Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик уюштурууда.
Агенттиктин директору Казыбек Молдажиев маалымат жыйынында, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Бишкек шаарында учурда курулуп жаткан «Бишкек Арена» стадионунда өтөөрүн айтты. Борбордон башталган көчмөндөр оюндары 1-6-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында уланат. Ал эми жабылуу аземи 6-сентябрда Ысык-Көлдө болот.
«VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук салттык оюндардын 43 түрү ойнолот. Быйылкы көчмөндөр оюндарына 100 мамлекет, 3 миңден ашык кишинин катышуусу күтүлүүдө», -деди Молдажиев.
Ошондой эле быйылкы көчмөндөр оюндарынын уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 336 млн сом бөлүү пландалып жатканы кошумчаланды.
Казыбек Молдажиев «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында» көк бөрү жана көкпар эки ат оюну тең ойнолот. Быйыл эки оюнда тең беттеш өткөрүү чечими кабыл алынып, учурда кыргызстандык команда бул оюндарга даярдыктарды көрүүдө", -деди
"Кыргызстанда өтүүчү ШКУ саммитинин юбилейлик 25 жылдыгына карата ачылыш азем өзгөчө форматта Бишкекте өтөт. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 100 мамлекетке чакыруу жөнөтүлүп, 40тан ашыгынан катышууга макулдугун берген каттарды алдык. Чет өлкөлүк жана жергиликтүү спортчулар көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн аккредитациядан 1-майдан 1-июлга чейин өтүшөт. Ошондо 1-июлда оюнга катыша турган мамлекеттердин, спортчулардын так саны белгилүү болот",- деди Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизиги максаты улуттук спортту, маданиятты сактап калуу менен бирге өлкөнүн туриттик потенциалын көтөрүү, туризмди өнүктүрүү экени маалымат жыйындын жүрүшүндө белгиленди.


