22:32
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

УКМК: Салык кызматынын мурдагы жетекчиси 4,3 миллиард сом мамлекетке кайтарды

Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитети Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповго жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго карата Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун күнөөлүү деген өкүмү боюнча комментарий берди.

Маалыматка ылайык, эки айыпталуучу тең 2024-жылдын 6-декабрында УКМК тарабынан «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу, башкача айтканда КР Кылмыш-жаза кодексине коррупция жана кызматтык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин кармалган.

Буга байланыштуу алар КР Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясы боюнча соттолуп, анда айыпталуучу (соттолуучу) күнөөсүн моюнуна алып, процессуалдык келишим түзгөн учурда мамлекеттин пайдасына келтирилген зыянды төлөп берүү менен айып пул салуу каралган.

А.А.К. жана кылмыш ишиндеги башка айыпталуучулар тергөө учурунда аларга коюлган кылмыштар боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, ошондой эле мамлекетке 4 млрд 307 млн сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушкан.

Шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү жана тергөө иштери Салык кызматынын борбордук аппаратындагы кызмат адамдары катышкан коррупциялык схеманы ачыктады.

УКМК коррупциялык схемаларды жоюу аркылуу салык жана камсыздандыруу планын толук аткарууга, ошондой эле бюджеттин кирешесин 40 млрд сомго көбөйтүүгө шарт түздү.

УКМК калган айыпталуучуларга карата кылмыш ишин тергөө уланып жатканын жана анын жыйынтыктары, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымат берилерин билдирет.

Эске сала кетсек, Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов мамлекетке тиешелүү түрдө 400 миң сом жана 300 миң сом айып пул төлөөгө өкүм чыгарылды. Экөө тең белгилүү бир кызматтарды ээлөө, наамдар жана сыйлыктар укугунан ажыратылды.

Эң көп окулган жаңылыктар