20:50
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

Ошто КРВИ/пневмония көбөйүүдө. Үй-бүлөлүк дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ошто курч респиратордук вирустук инфекциялар жана пневмония ооруларынын көбөйүшүнө байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жумасына жети күн иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында КРВИ/пневмонияга чалдыккандардын саны көп катталууда. Айрыкча жаш балдар арасында илдет күч алган. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги жугуштуу оорулардын алдын алуу жана болтурбоо максатында атайын буйрук иштеп чыкты. Ага ылайык, Ош шаарынын аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алышсыз иштейт:

  • жумуш күндөрү 08:00дөн 20:00гө чейин;
  • ишемби күнү 08:00дөн 18:00гө чейин;
  • жекшемби күнү 08:00дөн 14:00гө чейин.

Буйрукта бул эреже медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана калктын өз убагында медициналык-санитардык жардамга кайрылуусун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле бейтаптардын агымын оптималдаштыруу максатында кабыл алынгандыгы белгиленген.

Дарыгерлер өз кезегинде курч респиратордук оорулардын белгилери байкалса (дене табынын жогорулашы, алсыроо, жөтөл, дем алуунун кыйындашы), анда сөзсүз үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылууну эскертишет.

Эң көп окулган жаңылыктар