Акыркы суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында — 5;
- Ош шаарында — 1;
- Нарын облусунда — 2;
- Ысык-Көл облусунда — 1;
- Чүй облусунда — 2;
- Жалал-Абад облусунда — 3;
- Ош облусунда — 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 21 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.


