11:36
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.09

Гандбол федерациясы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөсү болду

Кыргыз Республикасынын Гандбол федерациясы Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөсү болду. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин Башкы Ассамблеясынын жыйынында кабыл алынды.

Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Умбеталы Кыдыралиев 2025-жылы улуттук курама командалардын эл аралык мелдештерге катышуусу боюнча отчет берди.

Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле 2024-жылга аудиттин жыйынтыктарын бекитишти.

Эң көп окулган жаңылыктар