Эртең, 6-январда старт ала турган континенталдык биринчиликке Азиянын 16 мыкты курама командаларынын беттеши Сауд Арабиясынын Жидда шаарында башталат.Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди
Буга чейин, 2025-жылдын сентябрь айында, башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында Кыргызстандын олимпиадалык курамасы U-23 бул жаш курактагы Азия Кубогуна тарыхтагы алгачкы жолдомону камсыздаган.
Эске салсак, биздин команда «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Арабиясынын курама командалары менен күч сынашат.
Азия Кубогу U-23 2026 мелдешиндеги «А» тайпасынын беттештеринин тартиби:
1-тур — 2026-жылдын 6-январы
22:00 — Сауд Арабиясы — Кыргыз Республикасы (Принц Абдулла Аль-Файсал атындагы стадион, Жидда шаары)
2-тур — 2026-жылдын 9-январы
20:00 — Кыргыз Республикасы — Вьетнам
(«Кинг Абдулла Спорт Сити» стадиону, Жиддашаары)
3-тур — 2026-жылдын 12-январы
22:30 — Иордания — Кыргыз Республикасы
(«Кинг Абдулла Спорт Сити» стадиону, Жидда шаары)
Биздин курама команда турнирдин кожоюндары — Сауд Арабиясынын курамасына каршы өткөрө турган алгачкы беттеш мелдештин ачылыш оюну болуп саналат.Турнирдин түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында жеткиликтүү болот. Белгилесек, курама команданын ар бир беттешине күбө болуу үчүн күйөрмандарга арналган фан-зона уюштурулат. Фан-зоналар жана беттештердин түз көрсөтүүлөрү тууралуу кошумча маалымат кошумча берилет.


