03:18
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Садыр Жапаров: «12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы»

12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы. Президент Садыр Жапаров бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде Элдик курултайда мектептердин жетишсиздиги эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири экендиги жана бул 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуубу деген суроого жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, делегаттар айрым класстарда 40-50 окуучу окуй турганын белгилеп, бул маселени чечүүнү суранышкан.

Президенттин айтымында , бүткүл дүйнөлүк стандарт, экинчиден, билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы болуп жатат. Заман талабы катары бүткүл дүйнөлүк эмгек рыногу менен билим берүү мейкиндигиндеги айкалыштан биз артта калбашыбыз керек. Коңшу өлкөлөрдөн учурдун талабына ылайык, бул процесске бизге чейин өткөнү да, учурда өтүп жаткандары да бар.

«Бизде 2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү аттестат алышат. Болбосо мектепти аяктаган балдарыбыз, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келбегендиктен, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болуп жатышат.

12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча өзгөчө зарылдык жаралды.

Бул — глобалдык талап. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кире албай, дүйнөлүк эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоодон өксүдүк. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк экономикада теңтайлаша турган адам капиталын даярдоо өтө маанилүү. 10-11 классттык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал пландык-командалык экономиканы тейлөөгө багытталган. Учурда рынок экономикасына атаандаш боло алган адисттерди даярдоо — бул заман талабы, андан артта калбашыбыз керек. Эрте кесипке ээ болгон система», -деп белгиледи президент

Эң көп окулган жаңылыктар