12:07
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

ТИМ: «Швейцариядагы өрт кырсыгында жабыркаган кыргызстандыктар жок»

Тышкы иштер министрлиги 1-январга караган түнү Швейцариянын Кран-Монтана тоо-лыжа курортунда чыккан өрттөн улам болгон кырсык боюнча билдирүү жасады.

Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы элчилиги Швейцариянын компетенттүү органдары менен ыкчам байланышта болуп, каза болгондордун же жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жок экендиги тууралуу маалыматты тактоодо.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, каза болгондордун же жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

"Тышкы иштер министрлиги кырдаалды туруктуу көзөмөлдөп, Кыргыз Республикасынын жарандары жабыркагандардын арасында болушу мүмкүн деген жагдайды тактоо боюнча ишти улантууда",-деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Эң көп окулган жаңылыктар