02:16
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Бажы кызматы Кыргызстандын бюджетине 156 миллиард сом киреше берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бажы кызматынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Куттуктоонун тексти:

"Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Министрлер кабинетинин атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди бажы кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргыз Республикасынын бажы кызматына мамлекеттик стратегиялык мааниге ээ болгон жооптуу жана татаал милдеттер жүктөлгөн. Бажы органдары экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу тутумунун маанилүү бөлүгү болуп саналат, улуттук кызыкчылыктарды коргоону, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн мыйзамдуулугун жана республикалык бюджеттин туруктуу толукталышын камсыз кылат.

Акыркы жылдары бажы кызматы терең трансформация этабынан өтүүдө. Бажы мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча ишенимдүү мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүү менен катар бажы органдары тышкы экономикалык ишмердүүлүк үчүн ыңгайлуу, ачык-айкын жана алдын ала божомолдоого мүмкүн болгон шарттарды түзүүгө багытталган заманбап сервистик башкаруу моделдерине ырааттуу түрдө өтүүдө. Мындай ыкма мамлекеттин кызыкчылыктарын камсыз кылуу менен бирге, таза иштеген бизнеске болгон административдик жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Санариптик модернизацияны ырааттуу жүргүзүүнүн, процесстерди оптималдаштыруунун жана заманбап маалыматтык системаларды киргизүүнүн натыйжасында бажы жол-жоболору олуттуу түрдө ыкчамдатылып, өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулады. Көзөмөл жол-жоболоруна кеткен орточо убакыт бир нече эсеге кыскарып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн контролдук иш-чараларды өтүүнүн этаптары дээрлик эки эсе азайтылды. Бул өз кезегинде чыгымдардын кыскарышына жана ишкердик активдүүлүктүн өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан реформалар бажы кызматынын бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдөгү олуттуу салымын камсыз кылды.

2025-жылга карата бажы кызматына төлөмдөрдүн прогнозу 151,7 млрд сом өлчөмүндө белгиленген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 23,2 пайызга жогору. 2025-жылдын 29-декабрына карата бажы төлөмдөрү боюнча 156,6 млрд сом камсыздалып, болжол 103,2 пайызга аткарылды же белгиленген көрсөткүчтөн 4,9 млрд сомго көп жыйналды. Бул жыйынтыктар бажы тутумунун туруктуулугун жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун тастыктайт.

Жылдын аягына чейин бажы кызматы 157 млрд сом чогултууну мерчемдеп жатат, бул бекитилген болжол 5,3 млрд сомго көп.

Бул натыйжалар бажы тутумунун туруктуулугун жана жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн бекемдигин тастыктайт.

Ошол эле учурда бажы органдарынын кызматкерлерине болгон жүктөм олуттуу түрдө өстү. Акыркы жылдары иштетилген бажы декларацияларынын саны бир нече эсеге көбөйдү: 2021-жылы алардын саны болжол менен 113 миңди түзсө, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 630 миңден ашты. Мындай өсүш штаттык кызматкерлердин санын көбөйтүү менен эмес, санариптештирүү, автоматташтыруу жана бизнес-процесстерди кайра карап чыгуу аркылуу камсыздалып, бажылык башкаруунун туруктуулугун жана жогорку сапатын сактоого мүмкүндүк берди.

Бажы органдарынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн натыйжасы да өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Аналитикалык иштерди күчөтүү, тобокелдикти эске алган ыкмаларды жана заманбап көзөмөл инструменттерин киргизүү бажы мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоону жогорулатып, мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга олуттуу салым кошууга шарт түздү.

Көп жылдык эмгек, жогорку кесипкөйлүк жана ишке берилгендик менен заманбап бажы тутумунун бекем пайдубалын түзүп, жаш муундагы кызматкерлер үчүн үлгү болуп келген бажы кызматынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Кыргыз Республикасынын бажы кызматы мындан ары да ишенимдүү мамлекеттик көзөмөлдү сапаттуу сервистер менен айкалыштырып, экономикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иштерди ырааттуу улантат деген ишенимдемин.

Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, кесиптик туруктуулук жана Кыргыз Республикасынын өркүндөшүнө багытталган ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалайм!".

Эң көп окулган жаңылыктар