17:45
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Президент өлкөдөгү бир катар өнөр жай жана социалдык объектилерди онлайн ачты

IV Элдик курултайдын жыйынында президент Кыргызстандагы бир катар өнөр жай жана социалдык объектилерди онлайн режиминде ачты. Делегаттарга объектилердин видеотасмасы көрсөтүлдү.

Курултайдагы кабарчыбыздын маалыматы боюнча, тизмеде 25 өнөр жай жана 68 социалдык объект бар.

Алардын ичинен Бишкекте беш социалдык объект, беш мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Алардын катарында Ак-Өргө турак жай комплексиндеги 100 орундуу бала бакча, Арча-Бешик турак жай комплексиндеги 100 орундуу бала бакча жана Гоголь көчөсүндөгү 127а дарегиндеги (№ 88 «Баластан» мектепке чейинки билим берүү мекемеси) бала бакчаны капиталдык оңдоо, Чыгыш-5 кичи районундагы бала бакча жана Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектебинин лицейин капиталдык оңдоп-түзөө кирет.

Бишкектеги өнөр жай объектилеринин арасында тиричилик буюмдарын өндүрүүчү ишкана (жыйноо жана интеллектуалдык логистикалык борбор) «Маткасымов» ЖЧКсы ачылды.

Эң көп окулган жаңылыктар