17:47
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Садыр Жапаров армияны заманбап чакырыктарга туруштук берерин белгиледи

Президент Садыр Жапаров Элдик курултайда кыргыз армиясын заманбап чакырыктарга туруштук бере алат деп атады.

Анын айтымында, көп жылдардан бери биринчи жолу биздин армия 21-кылымдын талаптарына жооп берген заманбап жабдууларды алды.

«Ишенимдүү армиясы, таасирдүү укук коргоо органдары жана бекем тартиби жок өлкө — келечеги жок өлкө. Акыркы жылдары коргонуу секторун терең модернизацияладык. Жүз миллиардаган каражатка заманбап техника: учкучсуз авиациялык комплекстер, байкоо жана чалгындоо каражаттары, жогорку тактыктагы коргонуу системалары, заманбап транспорттор жана байланыш жабдыктары сатып алынды. Көп жылдардан бери биринчи жолу армиябыз XXI кылымдын талаптарына жооп берген чыныгы заманбап жабдууларга ээ болду. Бирок техника — бул иштин жарымы гана. Аскер кызматчыларын даярдоо стандарттарын жаңыладык, кызматтык тартипти чыңдадык, социалдык кепилдиктерди жакшырттык», -деди Садыр Жапаров

Кыргыз аскери — заманбап технологияны өздөштүргөн, антына бекем, өлкөнү бардык учурда коргоого даяр жана кесипкөй адистер деп белгиледи.

«Мындан ары да армияны реформалоону улантабыз, жаштарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоо иштерин күчөтөбүз, өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтебиз, өлкөнүн ички жана тышкы коркунучтаруна туруштук берүүсүн чыңдайбыз», — деп кошумчалады президент

Эң көп окулган жаңылыктар