Салют жана фейерверктердин кооз жарыктарынын артында ден соолукка реалдуу коркунучтар бар экенин тез жардам кызматынын дарыгери Светлана Гуз эскертти. Бул тууралуу Lenta.ru сайты жазды.
Дарыгердин айтымында, фейерверктер дем алуу системасына терс таасирин тийгизет. Ал фейерверк атылганда майда металл бөлүкчөлөрү — барий, стронций, коргошун, жез жана башкалар абага чыгарылаарын түшүндүрдү. Бул майда заттар оңой дем алып, өпкөгө топтолот.
Кесепеттери ар кандай болушу мүмкүн:
- дем алуу жолдорунун дүүлүгүүсү,
- бронхопульмоналдык оорулардын күчөшү,
- дем алуу жолдорундагы ар кандай сезгенүү реакциялары
- көмүртек кычкылы менен уулануу
Дарыгер пиротехниканын курамындагы бөлүкчөлөр абада, айрыкча суук аба ырайында көпкө чейин калаарын баса белгиледи. Мындай заттарды дайыма дем алуу жалпы ден соолукка жана дененин иштешине таасир этип, чарчоо, баш оору жана зат алмашуунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Андан тышкары, пиротехника жаракат алуу коркунучун да жаратат. Жыл сайын миңдеген адамдар пиротехникалык жаракаттар менен ооруканага жаткырылат. Алардын эң жогорку көрсөткүчү Жаңы жыл түнүндө болот. Ал эң көп кездешкен жаракаттар катары колдун, беттин жана көздүн күйүктөрүн; кулактын, колдун тытылган жерлерин; жана сыныктарды келтирди.


