Бүгүн, 24-декабрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелерине, социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
- «Айчүрөк» соода борбору,
- «Берен Голд» соода борбору
- А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры
- "Кабар«маалымат агенттиги
- Борбордук шайлоо комиссиясы
- Т/ж, Шопоков көчөсү, 98а
- Фонтандын аймагы
- Италиянын Кыргызстандагы консулдугу
Жер алдындагы өтмөк аркылуу өткөн Д-150 мм болгон жаңы линияга туташтыруу иштери жүргүзүлөт.
«Бишкексууканал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.


