17:04
USD 87.45
EUR 102.63
RUB 1.09

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу башталды

Бүгүн, 23-декбарда Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу башталды.

«Abiturient Online» автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматы боюнча, биринчи тур 23-декабрдан 25-декабрга чейин уланат. Кабыл алуу өнөктүгү төрт турдан турат.

Абитуриенттер күзгү жана жазгы Улуттук баалоо (2025) жыйынтыктарынын негизинде тандалып алынат.

Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган келишимдик негиздеги орундарына гана абитуриенттерди тандоо жана каттоо үчүн колдонулат.

Жогорку окуу жайларына кыргызстандык жана чет элдик студенттерди жылына эки жолу кабыл алуу механизми жогорку билим алууга мүмкүнчүлүктү кеңейтүү максатында иштелип чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар