00:29
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

2026-жылы Индиядан 40 миң жумушчу Орусияга келет

Россияга 2026-жылы Индиядан 40 миң жумушчу келет. Бул тууралуу РИА Новости басылмасына президенттин туруктуу өнүгүү боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча атайын өкүлү Борис Титов билдирди, деп маалымдайт DW.

Анын айтымында, россиялык иш берүүчүлөрдүн индиялык мигранттарга болгон кызыгуусу акыркы жылдары «олуттуу өстү» жана бул өлкөдөгү жумушчу күчүнүн жетишсиздигин жарым-жартылай толтурушу мүмкүн.

2022-жылы Индиянын жарандарына болжол менен 8 миң жумушка уруксат берилсе, бул сан 2023-жылы 14 миңге чейин өсүп, 2024-жылы 36 миңге чейин көбөйгөн. 2025-жылы визалык өлкөлөрдөн жумушчуларды тартууга жалпы квота дээрлик 235 миң адамды түзөт. Индия үчүн эмгек миграциясы валюталык кирешенин негизги булагы болуп саналат: 2024-жылдын аягына карата өлкөгө чет өлкөдөн акча которуулар 129 миллиард долларга жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар