05:14
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 20-декабрдан 22-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Атап айтканда:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда;
  • 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусу.

Аталган жолдордо муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар