Эртең, 19-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, ЫсыкКөл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −2...-7 күндүз −1...+4
Таласта түнкүсүн −8...-13 күндүз −2...-7
Баткен облусунда түнкүсүн −2...-7 күндүз −1...+4
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −3...+2 күндүз +2...+7
Ысык-Көлдө түнкүсүн −2...+3 күндүз +2...+7
Нарында түнкүсүн 0...-5 күндүз 0...+5
Бишкекте түнкүсүн −3...-5, күндүз +2...+4 градус болот.


