Парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттарды активдүү жана күч-аракетин толук жумшоого чакырды.
Төрага кийинки жумада каралуучу маселелер көп экенин белгилеп, эл өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү болуусун белгиледи.
"Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер абдан көп. Шайлоого байланыштуу жыйындар өтпөй, өтө зарыл мыйзам долбоорлору күтүп турат. Мындан улам кийинки жумадагы жыйындарга активдүү катышып бериңиздер. Тартип катуу болот. Келбеген депутаттардын маянасын кыркабыз. Себеби жок келбегендерди коомчулукка жарыялайбыз",- деди төрага.


