Жаңы жылдык балаты катуу аллергия жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер Александра Филева эскерткендигин Lenta.ru сайты жазып чыкты.
Дарыгер маегинде балатынын мүмкүн болгон коркунучтары жөнүндө талкуулады.
Жандуу жаңы балаты аллергиянын себептеринин бири болушу мүмкүн экенин белгиледи. «Себеби жыгачтын өзү эмес, балатыны ташып жеткирүү жана сатуудан мурун сактоо учурунда кабыгында жана сөңгөгүндө пайда болгон микроскопиялык көк», — деп түшүндүрдү Филева. Андан тышкары, дем алуу жолдорунун былжыр челдерин дүүлүктүргөн табигый чайырлар реакцияны жаратышы мүмкүн.
Дарыгер ошондой эле жасалма балаты, айрыкча, чаңдуу жерде сакталган болсо, коркунуч жаратышы мүмкүн экенин тактады. Филеванын айтымында, бул учурда балатыда көп өлчөмдөгү тиричилик чаңы, чаң кенелери жана көктүн споралары топтолот.
Жаңы жылдык балатыны майрам алдында алып келгенде, аллергендер абага активдүү тарап, жагымсыз симптомдорду жаратышы мүмкүн. Айрыкча мурундун бүтүшү жана көп бөлүнүп чыгуусу менен күтүүсүздөн суу агуу, тез-тез чүчкүрүү, көздүн кызарышы жана кычышуусу, кургак жөтөл болот. Филева кээ бир учурларда жасалма балаты териде бүдүрлөрдү пайда кылышы мүмкүн экенин кошумчалады.


