22:00
USD 87.45
EUR 102.60
RUB 1.09

Азия кубогу U-23: Кыргызстан курама командасы катышкан оюндардын ырааттамасы

2026-жылдын 5-январында Сауд Аравияда АФК U-23 Азия кубогу башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги социалдык тармактарда билдирди.

Маалыматка ылайык, оюндар Жидда шаарында өтөт.

«Азия чемпионатына континенттин эң күчтүү 16 командасы катышат жана Кыргызстандын курама командасы бул турнирде дебютун өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук курама команданын катышуусундагы оюндардын ырааттамасы:

  • 6-январь: Кыргызстан менен Сауд Арабиясы;
  • 9-январь: Кыргызстан Вьетнамга каршы;
  • 12-январь: Кыргызстан менен Иордания.
Эң көп окулган жаңылыктар