18:44
USD 87.45
EUR 102.48
RUB 1.10

«Акылман» лицейлери Кыргызстандын бардык аймактарында ачылат

Кыргызстандын бардык аймактарында «Акылман» лицейлери ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда биринчи лицей иштеп жатканын, ал эми Талас жана Жалал-Абад облустарында башкалары курулуп жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарында «Акылман» лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздарыбыз окуп жатышат. Буюрса, жети облуста тең «Акылман» лицейлери болот. Азыр Таласта, Жалал-Абадда «Акылман» лицейлери курулуп жатат. Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулат. Ар биринде 300 балага чейин окушат», — деди Садыр Жапаров.

Президент лицейлер тармагын түзүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана өлкөнүн келечектеги башкаруу жана кесипкөй кадрларын даярдоо системасын өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар