11:59
USD 87.45
EUR 102.79
RUB 1.10

Бишкек мэриясы жаңы жыл майрамында коомдук тартипти сактоо маселесин талкуулады

Жаңы жыл майрамдарында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо маселеси Бишкек шаардык мэриясында талкууланды.

Баш калаанын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өттү. Жыйында шаардык кызматтар менен укук коргоо органдарынын Жаңы жыл майрамдык иш-чараларында коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого даярдыгы каралды.

Жыйындын жүрүшүндө укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, аялдарга жана жашы жете электерге карата укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында жооптуу органдарга ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүүгө, алдын алуу иштеринин деңгээлин жогорулатууга жана борбор калаада Жаңы жылдык майрамдарды коопсуз жана тынч өткөрүүнү камсыз кылууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар