Президенттик жаңы жылдык балатыга катышуучулардын тизмесине балдарды кошуу боюнча администрацияга көптөгөн жеке өтүнүчтөр келип жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Президенттик балатыга учурунда жалаң эле чиновниктердин же кызматтагылардын туугандары, тааныштарынын балдары катышчу экен. Муну байкаган президент Садыр Жапаров, эки жылдан бери катышуучулардын тизмесин түзүүнү көзөмөл кылгыла деп тапшырма берген. Ошондон бери, президенттик балатыга спорттук ийгиликтери бар, жакшы окуган, алыскы аймактардан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, же өзгөчө айырмаланган активдүү балдардан тандалып жатат», — деп билдирди Орунбеков.


