22:47
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

ӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматы тараткан маалыматка ылайык, 13-декабрдан 15-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон ашуулар:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдардагы Төө-Ашуу ашуусу;
  • Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайлары (198-255 чакырымдар);
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 40-90 чакырымдарында;
  • Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Балыкчы — Казарман— Жалал-Абад унаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү, кар күрткүсү күтүлөт.
Эң көп окулган жаңылыктар