22:48
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Дем алыш күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

13-14-декабрда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.

Жарманкеде азык-түлүк товарлары шаар тургундарына базар баасынан төмөн баада сунушталууда.

Жарманкенин негизги максаты — баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Жарманке төмөнкү даректе өтөт:

Т. Усубалиев аянты;

И. Раззаков жана Абдымомунов проспектилеринин кесилиши;

Эркиндик бульвары (Биринчи май району).

Катышуучунун талаптары:

Азык-түлүктөр жогорку сапатта болушу жана санитардык-гигиеналык стандарттарга жооп бериши керек;

Баалар базар баасынан төмөн болушу керек;

Райондук айыл чарба департаментинен тастыктоо каты талап кылынат.

Кошумча маалымат жана суроолор:

(0312) 66-14-22

0702 70 20 00

Эң көп окулган жаңылыктар