Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү бийлик органдарын жаңы жылдык салюттардан баш тартууга чакырды.
Мындай чечим пиротехниканын атмосфералык абага тийгизген терс таасирине байланыштуу болууда. Анткени кыш мезгилинде абаны булгоочу заттардын концентрациясы кескин жогорулайт. Мындан тышкары, пиротехникалык буюмдар олуттуу көлөмдөгү тиричилик таштандыларын чыгарат жана өрт чыгуу коркунучун жогорулатат.
Министрлик салюттардын ордуна заманбап экологиялык таза альтернативалар — жарык инсталляцияларын колдонуу, дрондук шоуларды уюштуруу майрамдык атмосфераны айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен сактоого мүмкүндүк берерин белгилейт.
Буга байланыштуу министрлик тиешелүү мамлекеттик органдарга, шаар мэрияларына жана жергиликтүү бийлик органдарына өтүп жаткан майрамдык сезондо жаңы жылдык салюттардан баш тартууну камсыз кылууну сунуш кылат.


