15:14
USD 87.45
EUR 101.90
RUB 1.14

Алайкууда мектеп окуучусу белине жеткен карды кечип, сабакка баратат

Социалдык тармактарда Алайкуудагы видео көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Анда мектеп окуучусу сабагына бара жатып белине жеткен карды араң басып баратканын тартылган.

Колдонуучулар бул тасма алардын балалык күндөрүн эске салат дешет. А кездеги кышында жолдор карга толуп, мектепке жөө баруу чыныгы сыноого айланган.

Видеону жаратуучунун айтымында, бала аба ырайынын катаалдыгына карабай, кошуна айылдагы мектепке жетүү үчүн күн сайын ушул жол менен жүрөт. Жергиликтүү тургундар Алайкууда кыш дайыма катаал болгондугун, балдар билим алуу үчүн кар күрткүлөрүнөн араң басып өтүшкөнүн ырасташууда.

Кадрдагы окуучуну колдоо толкунун жаратты. Көпчүлүк аны «эл уулу» деп атап, окуусуна ийгилик жана ак жол каалап жатышат.

Расмий мекемелер азырынча кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар