Ош шаарындагы Сары-Мазар көрүстөнүндөгү Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү жаңыдан курулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүн Ош шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев даткалардын жаңыдан курулган күмбөзүнө барып, куран окуду. Буга чейин күмбөздүн сырткы жана ички бөлүктөрү эскирип, зыярат кылган жарандар үчүн толук шарт болгон эмес.
Жаңыдан курулган күмбөз мрамор таштар менен кооздолуп, ичинде зыяратчылар үчүн куран окууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.
Жакынкы күндөрү жаңыдан курулган күмбөз УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Алымбек датка менен Курманжан датканын урпактары жана туугандарынын катышуусунда ачылышы күтүлүүдө.


