15:36
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Садыр Жапаров Пакистан президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен тар жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоонун, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштарды колдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Президент Садыр Жапаров жана Президент Асиф Али Зардари өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн өнүгүшүнө кошумча түрткү берерине жана көп пландуу байланыштарды бекемдөөдө маанилүү баскыч болоруна ишеним билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна ийгиликтүү төрагалык кылууну каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар