12:20
USD 87.45
EUR 102.12
RUB 1.13

Дүйнө чемпионаты −2026: Бүгүн АКШда чүчүкулак кармоо аземи өтөт

Бүгүн, 5-декабрда Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылкы Дүйнөлүк чемпионаттын чүчүкулак кармоо аземи өткөрөт. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, чучукулак аземи Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат. Азем Вашингтондо өтөт жана топтук этапта ким ким менен ойной турганы аныкталат. Турнирге катышуучулардын толук тизмеси азырынча белгисиз — 2026-жылкы Дүйнөлүк Кубокко катышууга 42 гана команда ээ болду. Калган алты команда 2026-жылдын март айынын аягындагы плей-офф оюндары аркылуу аныкталат.

Бардык командалар төрт себетке бөлүндү. Биринчисине автоматтык түрдө үч кожоюн өлкө кирди, ал эми калган 39 команда ноябрдагы ФИФАнын рейтингине ылайык тизмектелди. Акыркы себетке ким экенине карабастан, плей-оффко чыккан алты команда да кирет.

1-себет: Канада, Мексика, АКШ, Испания, Аргентина, Франция, Англия, Бразилия, Португалия, Нидерланды, Бельгия, Германия.

2-себет: Хорватия, Марокко, Колумбия, Уругвай, Швейцария, Япония, Сенегал, Иран, Корея Республикасы, Эквадор, Австрия, Австралия.

3-себет: Норвегия, Панама, Египет, Алжир, Шотландия, Парагвай, Тунис, Кот-д’Ивуар, Өзбекстан, Катар, Сауд Арабиясы, Түштүк Африка.

4-себет: Иордания, Кабо-Верде, Гана, Кюрасао, Гаити, Жаңы Зеландия, УЕФАнын А плей-оффунун жеңүүчүсү, УЕФАнын В плей-оффунун жеңүүчүсү, УЕФАнын С плей-оффунун жеңүүчүсү, УЕФАнын D плей-оффунун жеңүүчүсү, Континенттер аралык беттештердин 1 жеңүүчүсү, Континенттер аралык беттештердин 2 жеңүүчүсү.

Эң көп окулган жаңылыктар