Исламабад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тосуп алды. Саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды. Ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди.


