14:13
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.13

Бакыт Кадыров дүйнөлүк жиу-житсу чемпионатында алтын медаль утту

Кыргызстандык спортчу Бакыт Кадыров Испаниянын Мадрид шаарында өткөн жиу-житсу боюнча дүйнөлүк чемпионатта алтын медалга ээ болду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Бакыт Кадыров Дүйнөлүк комбат джиу-джитсу чемпионатында алтын медаль утту

Ал CJJ мелдешинде 85 килограмм салмактагылар арасында чейрек финалдан баштап, биринчи орунду ээледи.

Кыргызстандык спортчу биринчи беттешинде латвиялык Алексей Зайцевди 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалда испаниялык Хосе Фернандести жеңди.

Финалда Бакыт Кадыров бельгиялык атаандашы Мишель Мерси менен беттешип, ишенимдүү түрдө 10:0 эсебинде жеңишке жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар