Бүгүн, 4-декабрь күнү Кыргызстанда «Манас эпосунун күнү» майрамдалат. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган.
Башкы максаты — «Манас» эпосун улуттук мурас катары сактоо жана жайылтуу, республикада «Манас таанууну» өнүктүрүү жана манасчыларга колдоо көрсөтүү, ошондой эле эпосту даңазалоо болуп саналат.
Манас театрынан алынган маалыматтарга караганда бүгүн, саат 11:00дө "Манас" эпосу күнүнө карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында салтанаттуу маданий иш-чара өтөт.
Иш-чарага театр артисттери, белгилүү акындар жана манасчылар катышат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында уюштурулуп жаткан бул иш-чарада эпостук чыгармалардын көркөм окуулары, музыкалык жана театралдык номерлер көрсөтүлөт.
Кыргыз элинин турмушунун кѳркѳм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосунда кыргыз элинин эң байыркы доордон берки басып ѳткѳн тарыхый жолунун урунттуу учурлары боюнча маалыматтар берилет.
Эске салсак, 2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. Ушундан улам 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь — «Манас» эпосунун күнү деп жарыяланган.


