10:28
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.13

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчүрүлөт

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде саат 10:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген:

Садырбаев, Ташауз, Циолковский, Чукотская жана Бакаев.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу өчүрүлөт

Суу менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашы Бакаев көчөсүндөгү (D-300 мм) жана Ташауз көчөсүндөгү (D-100 мм) суу түтүктөрүндөгү авариялык калыбына келтирүү иштерине байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар