17:00
USD 87.45
EUR 101.54
RUB 1.13

«Автовнештранс» ишканасынын Ысык-Көлдөгү бөлүмү мамлекетке алынды

Ысык-Көл облусундагы мурда мыйзам бузуулар менен менчиктештирилген ири мүлк комплекси жана жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө «Автовнештранс» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл бөлүмүн менчиктештирүүдөгү коррупцияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү.

«Автовнештранс» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл бөлүмүн менчиктештирүүдө коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында, жалпы аянты 7245,74 чарчы метр мүлктүк комплекске жана аянты 50 миң 414 чарчы метр жер тилкесине карата текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, менчик ээси мүлктүк комплекстерин жана жер тилкелерин мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Эң көп окулган жаңылыктар