16:52
USD 87.45
EUR 101.54
RUB 1.13

12 жылдык окууга өтүү. Кыргызстанда математика китептери басылып чыкты

Бишкекте 5-класстар үчүн математика окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 87 150 китеп, ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 66 030 нускада басылып чыкты.

Агартуу министрлиги
Фото Агартуу министрлиги. Кыргызстанда математика китептери басылып чыкты

Эске сала кетсек, мурда 2-класстар үчүн «Жаратылыш таануу», 1-класстар үчүн «Жаратылыш таануу — Мен жана дүйнө» жана 3-8-класстар үчүн англис тили китептери басылып чыккан.

2025-жылы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 744 миллион сом бөлүнгөн. Бул окуу китептери 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүнүн алкагында басылып чыгууда.

Эң көп окулган жаңылыктар