Аламүдүн районунда «Золотой Колосок» бала бакчасынын имаратын жана ага жанаша жайгашкан бир гектар жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Аламүдүн районундагы «Золотой колосок» бала бакчасынын имараты жана 1 га жери муниципалдык баланска коюлбай, жеке тараптар тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып келгендиги аныкталган.
Прокурордук чара көрүү актысынын алкагында наркы 111 млн 93 миң сомго бааланган бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мыйзамдын талаптарына ылайык, мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Көзөмөлдөөчү орган муниципалдык мүлктү мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча ишин улантууда.


