Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын январынан ноябрына чейин фитосанитардык талаптарды сактабаган 562,5 тонна жүк кайтарылып, өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган.
Аткарылган көзөмөл чараларынын негизинде жалпы 35 учур катталып, алардын курамына:
- 562,5 тонна ар кандай жүктөр;
- 70 515 даана көчөт;
- 11 387 даана гүл;
- 136 м³ пиломатериал кирген.
Фитосанитардык талаптарды бузган карантиндик жүктөргө карата мыйзамга ылайык кайтаруу, жок кылуу жана зыянсыздандыруу сыяктуу чаралар көрүлдү.
Ошондой эле аталган фактылар боюнча Кытай жана Нидерланды мамлекеттерине дипломатиялык каналдар аркылуу расмий нота жөнөтүлгөн.
Департамент белгилегендей, фитосанитардык көзөмөл — өлкөнүн аймагына зыяндуу организмдердин кирүүсүн алдын алуу жана өсүмдүк чарбасын коргоо боюнча маанилүү механизм болуп саналат.


