Бишкектеги тамактануучу жайларга 2025-жылдын алгачкы 11 айында 22 миллион сом айып пул салынды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (ЦГСЭН) Бишкек боюнча бөлүм башчысы башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
Анын айтымында, «тамак-аш гигиенасы» беренеси боюнча аныкталган эреже бузуулар үчүн 1655 бузуу жөнүндө протокол жана ошончо сандагы айып пул берилген. 166 мекеменин иши токтотулган.
Махамат Мурзашев Сүйөркулов көчөсүндөгү (Орто-Сай базары) «Ali Burger» фаст-фуд дүкөнү кечээ суу менен камсыздоонун жоктугунан жабылганын кошумчалады.
Мурда өтө кир жана суусу же канализациясы жок тамак-аш жайлары эреже бузуулар оңдолгонго чейин убактылуу жабылары кабарланган.


