17:42
USD 87.45
EUR 101.57
RUB 1.13

Ысык-Көл облусунда күн электр станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара энергетика министри Таалайбек Ибраев, инвестордун өкүлдөрүнүн жана «РЭЦА» компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда өттү.

Кошумча макулдашууга кол коюу Ысык-Көл районунда күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп саналат.

Документ — баштапкы инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун, анын ичинде тараптардын жоопкерчилигинин шарттарын, туруктуулуктун кепилдиктерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жөнгө салуу тартибин жана колдонуудагы укукту өзгөртүүнү тактоого жана өркүндөтүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар өлкөнүн кайра жаралуучу энергетика тармагын өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу үчүн анын стратегиялык маанисин баса белгилөө менен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга өз милдеттенмелерин ырасташты.

Кошумча макулдашуу ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди жана колдонуудагы Инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар