Бүгүн, 2-декабрь Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Улуттук инвестиция агенттиги жана «Тез Жол» ЖЧКсы башында турган компаниялардын консорциумунун ортосунда Төө-Ашуу ашуусунда альтернативдүү «Келечек» туннелин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.
Агенттиктин маалыматы боюнча, узундугу 11,5 чакырымды түзгөн туннель деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте курулат. Жаңы туннель жыл бою айдоочуларга коопсуз жүрүүнү камсыздамакчы.
Долбоордо эки төлөм алуу пункту, жалпы 31,3 МВт кубаттуулуктагы эки кичи ГЭС жана заманбап башкаруу системасы да каралган.
Жалпы инвестиция көлөмү 640 млн АКШ долларына жетет. Долбоор толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланат. Ал эми долбоорду ишке ашыруу жана эксплуатациялоо мөөнөтү 49 жылга белгиленген.


