13:22
USD 87.45
EUR 101.57
RUB 1.13

Бишкекке акы төлөнүүчү «Чыгыш» айланма жол курулат

Министрлер кабинети Бишкек шаарындагы жаңы акы төлөнүүчү «Чыгыш» айланма жолунун курулушун жана тейлөөсүн бекитти. Ал процедураларды тездетип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жаңы моделдерин сынай турган «долбоордун кум мейкиндиги» катары курулушу пландаштырылууда.

Токтомго ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Бишкек шаарынын мэриясы коомдук өнөктөш катары иш алып барышат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн ведомстволор жалпы аянты 79,8 гектарды түзгөн жер тилкелерин тандап, каттоодон өткөрүп, керек болсо трансформациялап, тиешелүү бардык процедураларды бүтүрүшү керек.

Андан тышкары, Маданият министрлигине жерди археологиялык экспертизалоо тапшырмасы берилди. Ал эми курулуш министрлиги менен Жаратылыш ресурстар министрлигине курулуш жана экологиялык уруксаттарды камсыздоо милдети жүктөлдү. Курулуш карьердик материалдар менен камсыз кылынат, алар белгиленген тартипте бөлүнөт.

Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар