«Golden Boy −2025» сыйлыгын тапшыруу аземи Италиянын Турин шаарында өттү. Бул сыйлык жылдын эң мыкты жаш футболчусуна тапшырылат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Бул жылы «ПСЖ» командасынын чабуулчусу Дезире Дуэ сыйлыкты жеңип алды. 20 жаштагы француздун негизги атаандашы «Барселонанын» коргоочусу Пау Кубарси болду. Ал добуш берүүдө экинчи орунду ээледи.
Өткөн сезондо Дезире Дуэ «ПСЖга» үч жолу жеңишке жетүүгө жардам берип, Франциянын чемпионатын, Франция Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алган. 2024/25 сезонунда Дуэ «ПСЖ» үчүн бардык мелдештерде 61 беттеш өткөрүп, 16 гол киргизип, 16 голдук пас берген.
Өткөн жылы «Барселонанын» чабуулчусу Ламин Ямал «Golden Boy» сыйлыгын жеңип алган.


