18:13
USD 87.45
EUR 101.57
RUB 1.13

Алтын зер буюмдарын Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Салык кызматынын кызматкерлери алтын зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетин алдын алышты.

Салык кызматынан билдиргендей, Ош аэропортунда багажды текшерүү учурунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алынып келинген, жалпы баасы 13,9 миллион сомдон ашык болгон алтын зер буюмдары (билериктер, чынжырлар жана сөйкөлөр) тиешелүү коштоочу документтери жок табылды.

Салык кызматы
Фото Салык кызматы. Алтын зер буюмдарын Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду

Аталган мыйзамсыз алып кирүү фактысы боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы өлкө аймагында эсепке алынбаган жана контрабандалык товарларды жүгүртүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар